А просто время истекло.
Затихла трасса скоростная.
И ты, совсем меня не зная,
вдруг ощутил мое тепло...
Своим предчувствием томим,
решил спасти, а проще - сдался.
Вот так навеки сочетался
со светлым именем моим.
Манит не слава, не престиж.
Скорее - искренность, доверье...
За то, что я тебе так верю -
ты и любовь мою простишь...
-------------------------------------
МЕН САГА ИШЕНЕМИН...
Кадырали Мырзанбетов
Сен менин көп нерсемди кечиресин,
Ушундай болгондугум эмес себеп,
Баарысын таразалап, бычып-ченеп,
Санаамдын себебине сен жетесин.
Ыр менен жүрөгүңдү неге чертем,
Токтотуп акылымды, же оройлоп,
Көөдөндө сени деген ой боройлоп,
Түшүнсөң, сүйгөн сезим ашты чектен...
Көгүш нур чагылышып, мээ чыңалып,
Кокустан тез-тез согот, кан тамырым.
Алыпмын абайлабай жөлөп башым,
Май күнү түшүң эмес, өңдө барып...
Салаадан аккан кумдай мезгил өттү.
Жол да бош, зымырабай унаа куруп.
Сен мени таанып, көрүп, билбей туруп,
Сездиң бейм жылуулукту менден өтчү...
Ал сезим санааларга салса дагы,
Сен мени куткарууга ашыгыпсын.
Багынып, же түбөлүк чачылыпсын.
Атымдын айкалышып жарык жагы.
Азгырган даңкым эмес, же атагым.
Менимче - ак дилдеги бул ишеним...
Менин да сага чындап ишенгеним,
Андыктан, кечирээрсин махабатым...
19.03.2020г.
-------------------------------------
Перевод стихотворения на киргизский язык Кадырали Мырзанбетовым...
Свидетельство о публикации №394855 от 19 августа 2021 года